Президент: "Шайлоону тынч, кыргызстандыктардын тынч жашоосун бузбай өткөрүү — бул менин негизги милдетим"
Президент Сооронбай Жээнбековдун кезектеги маеги жарык көрдү. Анда өлкө башчыга "Шайлоо күнүнө бир жума убакыт калды, үгүт иштери кызуу жүрүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы, укук коргоо органдары коомчулукка мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтарды көбүрөөк берип, жалпысынан кырдаал мыйзам алкагында көзөмөлдө, ачыктык камсыздалууда десек болот. Ошентсе да коомчулукта айрым кооптонуулар да жок эмес. Басма сөздө да ар кандай эксперттик пикирлер, божомолдор орун алууда. Айрым өлкөлөр сыяктуу бизде да шайлоого даярдык дагы, анын жыйынтыктары да кырдаалды курчутчу фактор катары кабылданып калган, тилекке каршы. Мамлекет башчысы катары сиз кырдаалга кандай баа бересиз?" деген суроо берилген.
"Кооптонууларды мен туура түшүнөм. Сиз айткандай, ооба, тилекке каршы, биздин өлкөдөгү эки элдик толкундоонун негизги себеби мына ушул шайлоо болгон. Ал окуялар биринчи кезекте бизге, бийликтегилерге чоң сабак болуш керек. Ошондуктан шайлоонун ачык, адилеттүү, таза өтүшүнө биринчи кезекте мен, президент катары кызыкдармын. Ушуга зарыл болгон бардык иш-чараларды мыйзам алкагында тиешелүү органдар менен жасап жатабыз.
Мен буга чейин айткандай, ар кимибиз өз милдетибизди так аткарып, мыйзамдуулукту ар кимибиз сактасак эле шайлоо тынч өтөт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мекендештеримдин көңүлүн коронавирус илдетине буруп кетейин. Шайлоо менен алек болуп, азыр партиялар да, өкмөт дагы, албетте, бул саясий ишке алагды болушууда. Бирок санитардык-эпидемиологиялык нормаларды унутпашыбыз керек. Тилекке каршы, ооруну жуктургандар көбөйө баштады. Коңшу өлкөлөр, алыскы өлкөлөр тартип, эрежелерин катуулатып жатат. Ошондуктан биз дагы бет кап тагынуу, социалдык дистанцияны сактоо, көпчүлүк чогулган жерлерге барбоо сыяктуу элементардык эрежелерди унутпай, аларды бекем кармашыбыз керек.

