super.kg logo

Чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдар үчүн мамлекеттик чек арадан өтүү алгоритмдери иштелип чыгып, бекитилди

 

Саламаттыкты сактоо министрлиги, ТИМ, Транспорт жана жолдор, ИИМ, мамлекеттик чек ара кызматы, Бажы кызматы жана Эл аралык «Манас» аэропорту биргелешкен буйругуна ылайык, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн мамлекеттик чек арадан өтүү алгоритмдери иштелип чыгып, бекитилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

"Манас", "Ош", "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторунда мамлекеттик чек арасынан өтүүдө:

Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар учууга катталып жатканда, ПЦР-изилдөөнүн жыйынтыгын авиакомпаниянын өкүлдөрүнө көрсөтүшөт. Бортко коронавирустук инфекциянын клиникалык белгилери жок жана акыркы 72 саатта коронавируска аныктоо үчүн жасалган ПЦР тестинин терс жыйынтыгын тастыктаган маалым каты бар адамдар гана кирүүгө уруксат. ПЦР тесттеринин бар экендигин текшерүү СКП кызматкерлери тарабынан учактын бортунда аэровокзал комплекстеринин учуу залында жүргүзүлөт.

Бортто жарандардын арасында анкета жүргүзүлөт, келгенден кийин анкеталар СКПнын кызматкерине өткөрүлүп берилет.

Борт коштоочулары тарабынан, бортто COVID-19 шектелген жүргүнчүнүн же жүргүнчүлөрдүн болушу жөнүндө маалымат алынгандан кийин, шектелген бул жүргүнчү же жүргүнчүлөр, ошондой эле алдыдагы 2 катарда, арттагы 2 катарда жана 1 катар жанында жайгашкан жүргүнчүлөр жашаган жери боюнча медициналык көзөмөлгө алынышат.

Ички каттамдар үчүн:

Бортто коронавирустук инфекцияга шектелген жүргүнчүнүн же жүргүнчүлөрдүн бар экендиги жөнүндө маалыматты алганда, бул жүргүнчү же жүргүнчүлөр, ошондой эле алдыдагы 2 катарда, арттагы 2 катарда жана 1 катар жанында жайгашкан жүргүнчүлөргө байкоо жүргүзүлүп, андан ары медициналык байкоо жүргүзүү үчүн, обсервацияга жана өзүн-өзү изоляциялоого алынышат.

Эл аралык жана ички каттамдар үчүн:

Учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында жана учакка отурар алдында аэропорттордун кызматкерлери, ИИМ, СКП жана Транспорттогу мамсанэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери "социалдык аралык” принцибинин так сакталышын жана беткап режимин көзөмөлдөшөт, ал эми учуу учурунда көзөмөлдөө учактын экипажы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Учак Эл аралык аэропортторуна келгенден кийин, СКП кызматкерлери учактын бортунда аэровокзал комплекстеринин учуу залында дене табын өлчөшөт. Жүргүнчүлөрдөн жана экипаж мүчөлөрүнүн арасынан клиникалык белгилери (дене табынын көтөрүлүшү, жөтөл жана башка) аныкталса, ооруканага жаткыруу Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан аныкталган ооруканаларга нөөмөттө турган "Тез жардам" кызматы тарабынан жеткирилип, ооруканага жаткырылат. СКП кызматкерлери санитардык аянтта учактын бортун толугу менен дезинфекциялашат.

Клиникалык белгилери жок адамдар андан ары дареги боюнча баруу үчүн өткөрүлөт.

Эскертүү:

ПЦР тесттин жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн талап кылынбайт, бул жарандар үчүн Кыргыз Республикасына келгенден кийин, 14 күн жашаган жана жашаган жери боюнча милдеттүү түрдө өзүн изоляциялоо режимин сактоо талап кылынат;
Эгерде зарыл болсо, коронавирустук инфекцияга шектелген жакын адамдар менен байланышкан адамдардын тизмеси, "Манас" эл аралык аэропорту аба каттамындагы жүргүнчүлөрдүн тизмесин андан ары медициналык көзөмөл үчүн СКПнын кызматкерлерине өткөрүп берет;
Учуу жана кечигип учуу менен байланышкан себептерден улам ПЦР изилдөөсүнүн жарактуулук мөөнөтү (72 саат) аяктаган учурда, чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам келген жери боюнча ПЦР тестинен өтүшү керек.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: