super.kg logo

“Жол куруу боюнча келишимдерди кайра карап чыгуу керек”

 

“Туризм Кыргызстандын негизги локомотиви болуш керек. Бизде таң калтырган табият жана адамдардын меймандостугу бар”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан талапкер Акбалык Жумалиева билдирди.

“Кыштын төрт мезгилинде тең туристтерге сунуштай ала турган жерлерибиз бар. Ошого карабай көңүл бурбай келебиз. Туризмди өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте жолдорду оңдошубуз керек. Бизде кандай? Жаңы салынган жолдор жыл айланбай бузулуп баштайт”, - деди ал.

Ошондой эле жол тармагы боюнча буга чейин түзүлгөн келишимдерди, жолдордун кепилдик мөөнөттөрүн кайра башынан карап чыгуу керектигин кошумчалады.

“Болбосо жумшалган акча талаага кетип жаткандай. Салынган жолдорду тейлөө маселеси да тийиштүү деңгээлде каралышы керек. Бул иштер аткарылбай кооз жерлерге барчу жолдордун абалы өтө начар. Жол менен катар турган дагы бир көйгөй бул даараткана маселеси. Негизи эле кызмат көрсөтүүнү үйрөнүшүбүз керек. Мисалы, Түркияны алсак тейлөө багыты ушунчалык өнүккөн. Биз бул тармактагы ишкерлерди чет мамлекеттерге окууга жиберүү зарылчылыгы бар”, - деди Жумалиева.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 27-сентябрь, 2020-жыл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: