super.kg logo

«Кыргызстан» партиясы №15: “Ийгиликтүү адамдар менен өлкөбүздү өнүктүрөбүз”

 

"Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Алмаз Сарыбаев Бишкек шаарынын тургундары менен жолугушту. Шайлоочулар менен болгон кезектеги жолугушуу Дыйканчылык институтунда болуп өттү.

Баарлашуу учурунда талапкер партиянын "Эл үчүн" программасы менен тааныштырып, жарандардын жашоо-турмушу жөнүндө пикир алышты.

Жолугушуу маалында Алмаз Сарыбаев ар бир шайлоочунун өлкөдө болуп жаткан окуяларга карата тынчсыздануусуна күбө болду. Шайлоочулар өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү жана элдин жашоо-турмушун жакшыртуу маселелерине байланыштуу бир катар суроолорду узатышты.

Талапкер шайлоочулардын суроолоруна, партиянын басып өткөн жолу жана программасына таянуу менен жооп берип, ийгиликтүү адамдар менен өлкөнү өнүктүрүүгө карай багыт алгандыгын билдирди.

Тургундар жолугушууга канааттанып, шайлоодо Алмаз Сарыбаевди жана "Кыргызстан" партиясын колдой тургандыгын жашырышкан жок.

“Кыргызстан” партиясынын аймактарда шайлоочулар менен болгон жолугушуулары уланууда.

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 27.09.2020)






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: