Армения менен Азербайжандын чырында 2 адам каза болуп, 50дөй адам жаракат алганы жазылууда
26-сентябрь түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында жаңжал чыккан. Анда таң аткыча эки өлкөнүн аскерлери кагылышкан. Бүгүн, 27-сентябрда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөгө аскердик абал жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Ошондой эле Карабах Республикасындагы атышуулардан улам эки жаран каза таап, 50дөй киши жаракат алганы жазылууда.
Ал эми Армениянын Коргоо министри Карабахтагы жаңжалда Азербайжандын куралдуу күчтөрүнө тиешелүү эки тик учак жана үч учкучсуз техника жок кылынганын кабарлаган. Азербайжандын Коргоо министрлиги Армения азербайжандык аскерлерге жана калктуу конуштарга ок жаадырды деп маалымат берүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(4)
Belek1710

28.09.2020. 00:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
200жүздөн ашат дейт го
akmanai

28.09.2020. 01:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дуйнодо тынчтык эле болсо экен
Egizderim-baktim

28.09.2020. 04:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым сактай кор. Кандай гана кырсыктуу заман болуп атат кундо жанжал кундо авария кырсык же мурда да ушундай болуп интернет жок билбегенбизби
Majit1975

28.09.2020. 08:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Egizderim-baktim,мурда адамдардын пейили түз болчу
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.