super.kg logo
  Саясат  

Турсунбек Акун кызматтан бошотулушу боюнча Конституциялык палатага кайрылат

 

Мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча арызданып Конституциялык палатага кайрылат. “Президенттик аппаратта Данияр Нарымбаев иштеп жаткан учурда соттук иштин таза жүрүшү мүмкүн эмес. Ал сот органдарына көрсөтмө берип, каалаганын жасатат”,- дейт Акун. Буга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаевге Нарымбаевди кызматтан алуу боюнча кайрылганын кошумчалады ал.  

Эскерте кетсек, Турсунбек Акун июнь айында депутаттык комиссия тарабынан "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна катыштыгы бар деп табылып, көпчүлүк депутаттардын добушу менен кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулган эле. Андан кийин бошогон акыйкатчылык орунга талапкерлердин документтерин кабыл алуу башталган. Акыйкатчы болом деп 50дөн ашык жаран арыз берди жана шайлоо 25-сентябрда өтө турганы белгилүү болду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: