super.kg logo

Премьер-министр Орусиядагы көпүрөнүн кулашынан улам жаракат алган мекендештерге жардам көрсөтүү тапшырмасын берди

 

Премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Орусиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы элчиге Москва облусунун Ступин районундагы "ФМ Сидорово" аттуу логистикалык ишканада жөө адамдар өтүүчү көпүрө кулап, анын кесепетинен жаракат алган кыргыздарга жардам берүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Өкмөт башчы элчи Аликбек Жекшенкуловго кырсыктын кесепетинен жабыр тарткан мекендештерге медициналык жардам көрсөтүү, аларды ооруканаларга жайгаштырууну тапшырды.

Ошондой эле жаракат алган мекендештердин дарылануусун Кыргыз Республикасынын Орусиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси жеке көзөмөлүнө алышы керектигин белгиледи.

Муну менен катар кырсыктын келип чыгуу себебин иликтеген Орусиянын укук коргоо органдарынан маалыматтарды байма-бай алып туруу жана алар менен биргеликте иш жүргүзүү тапшырмасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: