super.kg logo

Президент иш сапары менен Орусияга кетти

 

Бүгүн, 28-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков Орусияга иш сапары менен кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Эки тараптуу кызматташуунун азыркы абалы менен келечеги талкууланат. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу Сочи шаарында өтөт.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Орусиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов.

Орусияга болгон иш сапары жыйынтыкталгандан кийин президент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Венгрияга барат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: