super.kg logo

"Бизнес Өкүл Ата" долбоору: Тимур Файзиев сиздин бизнес-идеяңызды колдоп, өнөктөш болууга даяр

 

Бекеринен кризис - бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жаралышы деп айтылбаса керек. Пандемия шартында ар бир адам өзүнүн үстүнөн иштеп, өнүгүү үчүн ой жүгүртүүсүн, парадигманы өзгөртүп, мурдагы тепкичтен бир топ өйдө көтөрүлүүсү маанилүү. Бул бизнес чөйрөсүнө гана эмес, ар бир адамдын жеке өзүнө дагы тиешелүү. Кыйынчылыктарды артка калтырып, аракет кылууга убакыт келди.

"Elite House" курулуш компаниясы өлкөдө ишкерликти өнүктүрүүгө жана жаңы бизнес долбоорлорду колдоого багытталган "Бизнес Өкүл Ата" социалдык долбоорун сунуштайт.

"Менден жеке насаатчы болууну же кайсы бир бизнес-идеяны каржылоону көп суранышат. Тилекке каршы, баарына көңүл бурууга убакыт ар дайым эле жетиштүү боло бербейт. Ошондуктан алардын бири менин бизнес өнөктөшүм болуш үчүн мен баарына окууга мүмкүнчүлүк берүүнү чечтим”, - деп белгиледи элге активист жана бизнес-коуч катары белгилүү болгон, "Elite House" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү жана ээси Тимур Файзиев.

"Бизнес Өкүл Ата" реалити-шоусу сиздин билимиңизди жана инвестиция салуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүгүңүздү гана эмес, Кыргызстандын мыкты эксперттеринин тынымсыз тренингдерин, жеке ишкерлердин сунуштары жана ар бир катышуучунун күчтүү мотивациясын камтыйт. Шоунун алкагында долбоордун башчысы Тимур Файзиев бир жеңүүчүнү тандайт.

Жеңүүчүгө берилүүчү артыкчылыктар:

• Тимур Файзиевдин жетекчилиги астында билим алат;
• Анын бизнес-долбоору каржыланат;
• Тимур Файзиевдин бизнес өнөктөшү болот.

Шоу TV1KG телеканалында жана Тимур Файзиевдин You-Tube каналында көрсөтүлөт.

Долбоорго катышуу үчүн сиз анкета толтуруп, 2020-жылдын 15-октябрына чейин nastavnik@timurfayziev.com электрондук дарегине жөнөтүшүңүз керек. Анкетаны толтуруу жана долбоор тууралуу толук маалыматты алуу nastavnik.kg веб-сайтында.

Медиа өнөктөштөр: TV1KG жана Европа Плюс Кыргызстан.

Башкы өнөктөш: "Elite House" курулуш компаниясы.

Өз мүмкүнчүлүгүңүздү пайдаланып, өзүңүздүн билимиңизди биз менен кошо өстүрүңүз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: