super.kg logo

51 Кыргыз жараны жабыркаган Орусиядагы көпүрө кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

 

Орусиянын Москва облусунун Ступино районундагы "FM LOGISTIC" логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө кулап, 51 Кыргыз жараны жабыркаган кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетине таянып, аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Алдын ала териштирүү иш-чараларынын натыйжасында, Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 143-беренесинин 1-бөлүгү ("эмгекти коргоо талаптарын бузуу, этиятсыздыктын кесепетинен адамдардын ден соолугуна оор зыян келтирүү") менен кылмыш ишин козгоо чечими кабыл алынган.

"Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин Ступиного борбордук аппараттын криминалисттерин жиберди. Жакынкы аралыкта окуя болгон жерди текшерип башташат. Тергөө бардык жагдайды жана жумушчулардын массалык түрдө жаракат алган себебин аныктап чыкмакчы", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Москва облусунун Ступино районундагы "FM LOGISTIC" логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, 51 Кыргыз жараны жабыркаган. Анын ичинен жаракат алган төрт кыргыз мигранты оор абалда ооруканага жеткирилген. Бактыга жараша, каза болгондор катталган эмес.

Ал эми бул окуяны Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов жеке көзөмөлүнө алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: