Орусиядагы көпүрө кырсыгы. Кыргыз жарандары жабыркаган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды
Орусиянын Москва облусунун Ступино районундагы логистикалык ишканада Кыргыз жарандары жабыркаган көпүрө кырсыгына жүктүн нормадан ашып кетиши же тетиктердин эскирип калышы себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу облустун Тергөө башкармалыгына шилтеме берип, орус басылмалары жазып чыгышты.
"Кырсыкка себеп болчу бир нече версия каралып жатат. Мисалы, жүктүн нормадан ашып кетиши же тетиктердин эскилиги себеп болушу ыктымал”, - деп айтылат билдирүүдө. Учурда ишкананын документациясы алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат.
27-сентябрь күнү Москва облусунун Ступино районундагы "FM LOGISTIC" логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, 51 Кыргыз жараны жабыркаган. Анын ичинен жаракат алган төрт кыргыз мигранты оор абалда ооруканага жеткирилген. Бактыга жараша, каза болгондор катталган эмес.
Ал эми маселени Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов жеке көзөмөлүнө алган.
Кыргыз жарандары жабыркаган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды

