super.kg logo

Биринчи жолу ВИЧ илдетинен айыккан адам кайрадан рактан жабыр тартууда

 
Биринчи жолу ВИЧ илдетинен айыккан адам акыркы убакта залалдуу шишик дартынан жабыр тартууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Анда жазылган маалыматка ылайык, ВИЧ илдетинен айыккан америкалык Тимоти Рэй Браун аттуу жаран акыркы убактарда залалдуу шишик дартынын акыркы стадиясы менен жабыр тартууда.
"2008-жылы Браун ооруп жатканда, ага ВИЧ илдетин дарылоо максатында жилик чучугун трансплантациялашкан. Анда операция ийгиликтүү өткөн. Ал эми 3 жылдан кийин кайрадан канында вирус бар экендиги аныкталган. 2019-жылы Браундун организминде кайрадан лейкоз (онкологиялык оорунун клеткалары) тараган", - деп жазылат маалыматта.
"Мен дагы деле операция жасалганына кубанычтамын. Бул окумуштуулар үчүн мурун болуп көрбөгөндөй чоң ачылыш болгон. Мунун натыйжасында алар дары табууга болгон күчүн жумшоого киришкен", - деген Браун.
Азыркы учурда бейтап Калифорниядагы ооруканалардын биринде.











 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: