"Кийинки этапта 2-6-класска чейин окуучуларга мектепке барууга уруксат берүү боюнча даярдыктар көрүлүп жатат" дейт саламаттыкты сактоо министринин орун басары
Бүгүн, 28-сентябрда өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Министрдин орун басарына "Менчик бала бакчалар эрежени сактоо менен иштеп жатат. Мамлекетке караштуу бала бакчаларга эрежени катуу коюп иштете берсе болбойбу?" деген суроо берилди.
Үсөнбаев: "Бүгүнкү күндө социалдык объекттерди ишке киргизүү боюнча бир нече этаптан турган атайын пландар кабыл алынган. Ошого жараша иштерди алып барып жатабыз. Бүгүнкү күндө Билим берүү жана илим министрлиги менен чогуу иштеп, алгоритмди карап жатабыз. Мамлекеттик бала бакчага бара турган балдардын саны көп, бул маселе планга киргизилген. Мектеп боюнча маселе көтөрүлүп жатат. Кийинки этапта 2-6-класска чейинки окуучуларды санитардык нормаларды сактап, мектепке уруксат бергенге даярдык көрүлүп жатат. Эпидемиялык абалды эске алабыз", - дейт.

