super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы социалдык жактан аялуу катмардын медициналык камсыздоо маселеси маанилүү бойдон калганын билдирди

 
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев: "Социалдык жактан аялуу жана калктын жакыр катмарынын медициналык камсыздоо маселеси өтө маанилүү бойдон калып жатат",- деди. Бул сөздү өкмөт башчы бүгүн Саламаттыкты сактоо саясаты боюнча форумуна катышып жатып айтты. Ал 1996-жылдан бери улуттук "Манас" жана "Манас таалими" программаларынын алкагында донордук коомчулуктун каржылык, кеңештик колдоосу менен саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо боюнча көп иштер жүргүзүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, эл аралык донордук уюмдар тарабынан реформаны жүзөгө ашыруу үчүн гранттык негизде 110 миллион доллар бөлүнгөн. Жантөрө Сатыбалдиев: "Жүргүзүлгөн реформанын жыйынтыгында өлкө белгилүү бир прогресске жете алмак. Экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, акыркы 5 жылда саламаттыкты сактоо тармагын каржылоо өсүп келе жатат. Бирок бүгүн саламаттыкты сактоо системи калктын толук талабына жооп бербейт. Бул жактан алганда биздин жасай турган иштерибиз дале көп",- деди.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: