"Облустар аралык каттам убактылуу токтотулду". Баткенде бир катар чектөөлөр киргизилди
Баткен облусунун аймагында эпидемиологиялык кырдаал курч болуп жаткандыктан, бир катар чектөөлөр кабыл алынды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-сентябрдан тарта облустар жана райондор аралык, ошондой эле райондук, шаардык ички коомдук транспорттордун каттамы, мал базарлардын иши, мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окуу убактылуу токтотулду. Күндөлүк беш убак жана жума намаздарын үй шартында окуу сунушталат. Облуска катуу көзөмөлдөгү бет кап кийүү режими киргизилди.
"Баткен облусунун аймагына, чек арадан өтүп жаткан Өзбекстан жана Тажикстандын жарандарын, акыркы үч күндө алынган ПЦР-анализинин терс жыйынтыгы менен киргизүү чечими кабыл алынды. Андан тышкары базарларда, соода борборлорунда, дүкөндөрдө, тамактануучу жайларда, коомдук жайларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча күн сайын рейд жүргүзүү жана дезинфекциялоо иштерин күчөтүү, баш ийбегендерге чара көрүү боюнча район, шаар башчылары милдеттендирилди", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзүүдө, партиялардын санитардык эрежелерди, бет кап тагынуу режимин, социалдык аралыкты сактоону көзөмөлдөөнү күчөтүү, ал эми белгиленген талаптарды бузгандарга чара көрүү тапшырмасы берилди.



1 |