Хлор затынан уулануу пневмонияга алып келиши мүмкүнбү? Саламаттыкты сактоо министринин орун басарынын жообу
Бүгүн, 28-сентябрда Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйын берди.
Анда ага "Азыркы күнгө чейин базарда иштеген жарандар алардын жумуш ордун дезинфекциялоодон кийин ооруп калгандыгын айтышат. Хлор затынан уулануу пневмонияга алып келиши мүмкүнбү?" деген суроо берилди.
“Базар - адамдар абдан көп чогулган жер болуп саналат жана санитардык нормалар дайыма сакталбайт. Мындан улам алдын алуу чаралары сөзсүз керек. Ал жерде адамга зыянсыз болгон концентрациялар колдонулат. Хлор затынан ууланган учурлар катталган эмес. Ошондой эле хлор затынан уулануудан улам пневмония илдети менен катталган учурлар жок”, - деди Нурболот Үсөнбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.