Өлкөдө учурда 568 ИВЛ аппараты жана 8 миң 328 кычкылтек аппараты бар
Бүгүнкү күндө 568 ИВЛ аппараты жана 8328 кычкылтек аппараты бар. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда онлайн маалымат жыйында Медициналык жардам жана дары-дармектер саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева билдирди.
"Финансы министрлиги менен биргелешип, борборлоштурулган суюк кислородду киргизүү боюнча иштер жүрүүдө. Эгерде саламаттыкты сактоо уюмдары суюк кислород менен иштей турган болсо, кычкылтек концентраторлору көп колдонулбайт. Компьютердик томография боюнча 7 аппараты жакында келет жана облустарга бөлүштүрүлөт. Ошондой эле Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жана Улуттук госпиталга компьютердик томография орнотуу пландалууда", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.