"Эл аралык каттамдарды жандандырууда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга таасирин тийгизбей турган чаралар колдонулат" дейт министрдин орун басары
Эл аралык каттамдарды жандандырууда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга таасирин тийгизбей турган чаралар колдонулат. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
"Ички жана тышкы миграцияны кыскартуу максатында колдонулган радикалдуу чаралардын натыйжасында, биз ооругандардын санын кыскартууга жетише алдык. Биз ар кайсы чөйрөлөрдө байланыш түзгөн, анын негизинде эпидемиологиялык көрсөткүчтөр алар менен болгон байланышты жандандырууга шарт түзгөн 50 өлкөнүн тизмесин Тышкы иштер министрлигинен алдык. Анын ичинен 33 өлкөгө биздин өлкөгө кирүүгө уруксат бердик. Тизме айына 2 жолу текшерилип турат жана ТИМдин сунушу боюнча тизме толукталат. Мындан тышкары темир жол кыймылын калыбына келтирүү маселеси талкууланат. Бул жерде коронавирустун киришин алдын алуу жана жайылтпоо үчүн атайын алгоритм иштелип чыкты”, - деди министрдин орун басары.

