super.kg logo

Акыйкатчы Орусиядагы кесиптешине көпүрө кырсыгынан жабыркаган Кыргыз жарандарына колдоо көрсөтүүнү суранып кайрылды

 

Акыйкатчы Токон Мамытов Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москальковага көпүрө кырсыгынан жабыркаган Кыргыз жарандарына колдоо көрсөтүүнү суранып кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда ал Москальковага Кыргыз жарандарына укуктук колдоо көрсөтүү жана социалдык төлөмдөр боюнча маселени өз көзөмөлүнө алуусун суранган. Мындан тышкары тергөө органдарынын күнөөлүүлөрдү аныктап, компенсация төлөнүшү керектигин белгилеген.

27-сентябрь күнү Москва облусунун Ступино районундагы "FM LOGISTIC" логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, 51 Кыргыз жараны жабыркаган. Анын ичинен жаракат алган төрт кыргыз мигранты оор абалда ооруканага жеткирилген. Бактыга жараша, каза болгондор катталган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: