super.kg logo
  Саясат  

“Кумтөр” боюнча айыпталып СИЗОдо отурган Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановдун тарапташтары митингге чыгышты

 

“Кумтөрдөн” акча талап кылышты” деп айыпталып кармалып, учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин СИЗОсунда отурган Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановдун тарапташтары Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтына митингге чыгышты. Алар аталган эки жаранды бошотууну талап кылышууда. Митингдин катышуучулары бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаардык сотунда боло турган сот отурумуна келишкенин, анда Жунушбаев менен Курмановго карата өкүм чыгышы керектигин айтышууда. Бирок кылмышка шектүүлөр сот отурумуна алынып келбегенине нааразы болгондор соттук процесс атайын узартылып жатат дешүүдө.

Айта кетсек, "Кумтөрдөн" 3 миллион доллар талап кылды" деп айыпталган Жунушбаев менен Курмановго 29-августта УКМК кылмыш ишин козгогон. Экөөнүн "Кумтөрдүн" өкүлү менен болгон сүйлөшүүсү жашыруун тартылган видеотасма теле аркылуу коомчулукка жарыяланып, бирок айыпталуучулар видеонун монтаждалганын айтып, күнөөнү моюнга алышкан жок. Алар май-июнь айларында Жети-Өгүздөгү митингдердин уюштуруучулары жана мурдагы депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары экени да белгилүү.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: