super.kg logo

Канатбек Исаев: "Кыска мөөнөттө Кыргызстанды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар"

 

Инвесторлорго жакшы шарт түзүп берүү менен кыска мөөнөттө Кыргызстанды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу "Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылынын тургундары менен болгон жолугушуу учурунда айтты.

"Инвесторлор кандай шартта келерин биз жакшы билебиз. Анткени бардыгы баштан өткөн. Алар өлкөгө келип завод, фабриканы иштетип жатканда, кандай тоскоолдуктарга туш болгонун баарыбыз көрдүк. Ошондуктан инвесторлорго, өлкөбүзгө жана жергиликтүү элге да натыйжалуу болгон мыйзамдарды жазалы деп жатабыз. Бул үчүн бизде тажрыйба жетиштүү. Азыркы учурда Кыргызстанда Германия, Англия жана башка өнүккөн өлкөлөрдөн келген бир да инвесторлор жок", – деди партия лидери.

Жолугушуу учурунда шайлоочулар өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү жана элдин жашоо-турмушун жакшыртуу маселелерине байланыштуу бир катар суроолорду узатышты.

Партия лидери шайлоочулардын суроолоруна, партиянын басып өткөн жолу жана программасына таянуу менен жооп берди. Жолугушуунун соңунда айыл эли "Кыргызстан" партиясын колдой тургандыгын айтышып, ак батасын беришти.

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 28.09.2020)






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: