Армения-Азербайжан кагылышуусу: Орусиядан Тоолуу Карабахка 20 миң ыктыярчы барышы мүмкүн
Орусиядагы Армяндар бирлигинин президенти Ара Абрамян Тоолуу Карабахка 20 миңге жакын армян ыктыярчылар бара тургандыгын орусиялык басылмаларга билдирген.
"Биз бир түндө 20 миңге жакын ыктыярчылардын тизмесин түздүк. Эми ал жакка аларды жөнөтүү үчүн аскердик унаа сурайбыз", - деген Абрамян.
Мындан тышкары миңге жакын орусиялыктар Тоолуу Карабахка ыктыярдуу түрдө барууга даяр экендигин билдиришкен. Бирок Армяндар бирлиги мындай сунушу үчүн аларга жөн гана ыраазычылыгын билдирген.
Учурда эки өлкөгө аскер абалы жарыяланып, абал курч бойдон калууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
Taalai-bek

29.09.2020. 13:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын. Ансыз да тилсиз жоо кырып бутмой болду дүйнө жүзүн. (Корондуу вирус)
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.