super.kg logo

Темирбек Ажыкулов, "Бир Бол" №13: "Бюджетти толтурууну кааласак, ишкерлерге бут тосконду токтотуш керек"

 

"Бюджетке акча көп түшүүсүн кааласак, ишкерлерге бут тосконду токтотуш керек". Бул тууралуу "Бир Бол" партиясынан депутаттыкка талапкер Темирбек Ажыкулов Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын эли менен болгон жолугушууда айтты.



Айтымында, негизсиз текшерүүлөрдү кыскартып, мыйзамды жөнгө салуу зарыл. Жергиликтүү ишкерлер салык төлөсө, пенсия, айлык акыны жогорулатуу маселелери чечилмек.

Талапкер бажыдагы коррупция ишкерлерге эң чоң тоскоолдуктарды жаратарын да кошумчалады.

"Кыргызстанда аткезчилик күч алгандыктан, өлкөгө кирген импорт жокко эсе. Демек, башкаруу системабыз алсыз. Жергиликтүү продукцияны көп өндүрүп, чет өлкөгө сатмайынча мамлекетке акча кирбейт", - деди Темирбек Ажыкулов.



Ал Токтогул районуна Америкадан “абердин ангус” породасындагы асыл тукум уйларды алып келип, жайылтуу тилеги бар экенин кошумчалады.
Бир Бол №13 – Жаратман күч!

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разакова 7/2. 28-сентябрь, 2020-жыл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: