super.kg logo

"Шайлоо алдында айткан убадаңарды так аягына чейин аткарыш үчүн кандай кадамдарга барасыздар?". "Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери Мирлан Бакировдун жообу

 

Бүгүн, 28-сентябрда партия лидерлеринин теледебаты өтүп жатат. Анда “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Мирлан Бакиров, “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова, “Ата Мекен” партиясынын лидери Жанар Акаев жана “Ордо” партиясынын лидери Мирбек Мияров катышууда.

Дебатта алгач эле партия лидерлерине төмөнкүдөй суроо берилди: “Биз акыркы эки чакырылыштагы парламенттин мисалына кайрыла турган болсок, 5-6-чакырылышты тарай турган болуп турат. Экөөндө тең айтылган убадалар эмне үчүн аткарылган жок десек, шылтоолор окшош. Биз азчылык болуп калдык, коалицияга кирбей калдык, ага кирген күндө дагы бизди эч ким уккан жок, оппозицияны эч ким тоготпойт экен жана башка шылтоолор. Өкмөт башчысын дайындоо милдети, өкмөттү түзүү, аткаруу бийлигинин ишинин сапатына көзөмөл кылуу жана арттыруу милдети Жогорку Кеңеште тургандан кийин мындай сөздөрдүн бардыгы кандай кабыл алынышы керек жана сиздер бүгүн бара жаткан шартта шайлоо алдында айткан убадаңарды так аягына чейин аткарылыш үчүн кандай кадамдарга барасыздар?”.

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Мирлан Бакиров берилген суроого төмөнкүдөй жооп берди:

“Биз бүгүн парламенттик-президенттик башкаруу системинде жашап жатабыз. Мындай системде жоопкерчиликти парламент алышы керек. Парламент ичиндеги коалиция же көпчүлүктү түзгөн фракциялар калыш керек. Мына ошондо толук жоопкерчиликти алат. Эмне үчүн бешинчи жана алтынчы чакырылышта мындай шылтоолор болуп келди? Муну азыркы мүчүлүштүк катары айтсам болот. Албетте, биз парламентке келечекте жоопкерчиликти алууга даяр болуп бара жатабыз”.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: