super.kg logo
  Саясат  

Президент баштаган Кыргыз делегациясы Венгрияга расмий визит менен барды

 

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда Венгрияга расмий визит менен барды. Президентти Венгриянын вице-премьер-министри Михай Варга тосуп алганын президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Расмий визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Алар Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшат.

Сооронбай Жээнбеков менен Виктор Орбан Будапешт шаарындагы Түрк кеңешинин европалык өкүлчүлүгүнө барышат.

Визиттин алкагында Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө меморандумга жана эки тараптуу кызматташуу жөнүндө башка документтерге кол коюлат. Кыргыз делегациясынын катышуусунда Будапешт шаарындагы гүлбакка Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу аземи болот.

Расмий визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Венгриянын президенти Янош Адер жана Улуттук жыйындын төрагасы Ласло Кёвер менен дагы жолугушат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Венгриядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Бакыт Жусупов, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов, каржы министри Бактыгүл Жээнбаева, экономика министри Санжар Муканбетов бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: