super.kg logo

"Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук" деген аталыштагы бир айлык өтүүдө

 

15-сентябрдан 15-октябрга чейин “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук” аттуу бир айлык өтүп жатат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бир айлыктын алкагында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары улгайган жарандарга кошумча даректүү социалдык колдоо жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча максаттуу иш-чараларды жүргүзүшөт.

Министрлик бир айлыктын алкагында өткөрүлө турган иш-чараларда коронавирустук инфекциясынын (COVID-19) пайда болуу коркунучун алдын алуу үчүн санитардык-эпидемиологиялык чараларды сактоо менен жүргүзүлүшү керектигин белгилейт", - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө өлкөдө 513 миң 100 улгайган жаран жашайт. Бул республиканын жалпы калкынын 8 пайызын түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: