super.kg logo

Орусиядагы көпүрө кырсыгы. "Көпүрө кыйчылдап баштаганда, биз кулап баратабыз деп катуу кыйкырдым" дейт кырсыкка кабылган Кыргыз жараны

 
Аяна бир туугандары менен

27-сентябрь күнү Орусиянын Москва облусунун Ступино районундагы "FM LOGISTIC" логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, 51 Кыргыз жараны жабыркаган. Анын ичинен жаракат алган 4 кыргыз мигранты оор абалда ооруканага жеткирилген. Бактыга жараша, каза болгондор катталган эмес.

SUPER.KG порталы аталган ишканада иштеп жүргөн мекендешибиз Аяна Канатбек кызы менен байланышып, абалын сурап, кыска маек курду.

- Аяна, алгач эле саламаттыгыңыз тууралуу айта кетсеңиз, абалыңыз жакшыбы?

- Буюрса жакшы болуп калдык, акырындан өзүбүзгө келип жатабыз. Бөөдө кырсыктан алыс бололу.

- Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз?

- Мен 2001-жылы Бишкек шаарында туулгам. Негизи жердигибиз Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Оргочор айылы болот. Бишкекте орто мектепте 8-класска чейин окуп, 9-классты жогоруда аталган айылда аяктагам. Андан соң Москвага келгем. 3 жылдан бери бул жакта ата-энем, бир туугандарым менен чогуу жашайм.

Аяна жумушунда,

жалпы жамааты менен

- Аталган логистикалык ишканада канча убактан бери иштейсиз? Эмне жумушту аткарчу элеңиз?

- Мен негизи тез тамактануучу жайда иштейм. Ал жумушумдан эмгек өргүүсүнө чыгып, толук эмес жумуштарга чыгып жүрдүк. Бул ишканага тааныш эжебиз аркылуу бир тууган сиңдим экөөбүз келгенбиз. Иштегенибизге бир апта болгон. Биз таттууларды таңгактап иштечүбүз. Ал жакта иштеген 160 Кыргыз жарандын бардыгы эле убактылуу иштеп жүргөндөр, расмий түрдө иштегендер деле жокко эсе. Эң көп иштеди дегендерге ашып кетсе 1 ай болгон. Басымдуу бөлүгү биздей болгон жаш балдар, кыздар. Улуу муундагылар жок деле.

Бул сүрөт "ФМ LOGISTIC"

ишканасында иш үстүндө тартылган

- Кырсык болгон күндү айтып бериңизчи?

- Ошол күнү эмнегедир атам "бүгүн жумушка барбай эле койсоңорчу" деп калды. Биз болсо үйдө жатпай барып иштей берели деп болбой кеткенбиз. Жумуштагы ураган көпүрөдөн күнүгө көп жолу өтчүбүз.

Жумуш күнү метродон бизди 3 автобус келип алып кеткенден башталчу. Ошол автобустарга 160 киши батып барчубуз. Жумуштан чыгаарда ошол темир көпүрө менен чыгып кетчүбүз. Ал күнү түнү иштеп чыгып баратканбыз, алдыда 40тай киши бараткан алар чыгып жетишип калды. Биз жактагылар эшикти кармаганга жетишпей, азыр эшик ачылат деп туруп калдык. Ал эми эшикти ачып берген бала болсо "мен ачкычты унутуп калыптырмын" деп артка кетти, биз көпүрөдө күтүп турганда, мен ортосунда болчумун. Жанымда бир бала бар болчу, ушул жак башкача болуп атат деп ага айтарым менен эле көпүрө кыйчылдап баштады. Анан мен биз кулап баратабыз деп катуу кыйкырдым. Ошентип көз ачып-жумганча эле кулап кетти. Ичим менен катуу темирге тийип, футболкам айрылып кетиптир, нес абалда эле туруп сиңдимди издеп жөнөдүм. Аны таап, ал болсо ичимди көрүп эле, ал жактан мени чыгарып кетти. Ошол көпүрө кулаганда бир жердин трубасы да сынып кеткен, анан аябай кир суу агып жатты. Толтура жаш балдар бар болчу, бир күнгө жаңы келген баланын бели, бир жаш кыздын да бели чыгып кетти. Чыкканда эле 7 "Тез жардам" кызматы келди. Биз эшикке чыгып, баарыбыз ыйладык. Эки тик учак келип абалы оорлорду алып кетти. Алардын катарында мени дагы ооруканага алып кетишти. Жакшы болуп калганда үйгө келдим.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
29.09.2020. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ии журок ооруду окуп алып . Кудай сактасын кагылайындар
29.09.2020. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Не болгон копуро, Такыр тушунбодум
29.09.2020. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Жараткан Тенир кырсыктан сактасын.
29.09.2020. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Asel69,Аллах де синдим ошондо туура болот кичине талашып жургондойсуң
29.09.2020. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
raiana53,адашып дегеним
29.09.2020. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
raiana53, Кудайдын 99 аты бар, ким кандай атаса да журогундо бир Кудай
29.09.2020. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zamir_kgz,бирок темир деген аты жок)
30.09.2020. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
raiana53,Тенир деген фарс тилин келген тангри деген. Бир китептен окугам. Бул деле кудайдын аты
29.09.2020. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргызым ай, чет жерде журуп эле кырылып бутмой болдук гооо
29.09.2020. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Теңир деген аты жок точно
30.09.2020. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жараткан Тенир боодо кырсыктан сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: