super.kg logo

Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үрөй учурган окуя. Чүй ОИИББинин башчысы бул ишти жеке көзөмөлүнө алды

 

26-сентябрга караган түнү Чүйдүн Төмөнкү Ала-Арча айылында үрөй учурган окуя катталган. Анда үйгө ууруга киргендер 26 жаштагы кызды өлтүрүп, анын атасын бычактап кетишкен. Чүй ОИИББинин башчысы бул окуяны жеке көзөмөлүнө алганын башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Учурда тажрыйбалуу кызматкерлер бул окуянын үстүнөн иштеп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айрым маалыматтар айтылбайт", - деп жазылат маалыматта.

26-сентябрь күнү болжол менен саат 02:50 чамасында үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап, андан соң качып кетишкен. Натыйжада алган жаракаттарынын негизинде 26 жаштагы кыз көз жумуп, ал эми эркек киши Бишкектеги ооруканалардын бирине жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: