super.kg logo

"Абал оор". Армения эртең менен Азербайжанга сокку урганын жарыялады

 

Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степанян шейшемби күнү Карабахтагы байланыш линиясындагы таңкы салгылашта душмандын брондолгон унаалары жок кылынгандыгын жарыялады.

"Согуш уланууда. Армян бөлүктөрү байланыш линиясынын бир нече аймагында Азербайжандын Куралдуу күчтөрүнүн чабуулдарынын мизин кайтарып, айрым жерлерде өч алуу аракеттерине өтүп, аскерлерине жана техникасына каршы чабуул коюшту. Тактап айтканда, таң эрте душмандардын брондолгон унаалары жок кылынды", - деп жазган социалдык тармактагы баракчасына Степанян.

Мындан тышкары Армениянын Коргоо министрлигинин өкүлү Арцрун Оганесян Азербайжан буга жооп иретинде кезектеги чабуулуна даярданып жатканын жарыялады.

"Армения дагы бир чагымчылдыкка барды. 29-сентябрда таңкы саат 07.30дан баштап Армениянын Варденис аймагынан Азербайжандын Дашкесан районунун аймагына чейин артиллериялык аткылоолор жүрүп жатат. Азербайжан армиясы буга жетиштүү жооп берет", - деген Азербайжандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы, полковник Вагиф Даргяхлы.

Учурда эки өлкөгө тең аскер абалы жарыяланып, абал оор бойдон калууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
29.09.2020. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Согуш эң жаман нерсе , кана ошол политиктер өлсө : баягы эле карапайым калк өлөт .Бул нерсени Бай өлкөлөрдүн эли жакшы билет , ошондуктан аларда согуш деген дээрлик жок , болбойт дагы .Мен экөөнө тең тынчтык каалаймын.Мухамед Алинин жакшы сөзү бар : Өзү мусулман болсо да Вьетнамга согушка барган эмес .Бар дегенде : мен барып бей гүнө адамды өлтүрбөйм : Келсе жооп кайтарам деп .Мына чыныгы инсан.В мире только две нации есть .Человек и не Человек .
29.09.2020. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне себептен согушуп атышат?
29.09.2020. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жер талашып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: