super.kg logo

"Бул эми жийиркеничтүү". Безруков "Бригада" тасмасынын уландысы боюнча айтты

 

"Бригада" сериалында Саша Белыйдын ролун аткарган актёр Сергей Безруков орусиялык басылмалардын бирине интервью берип жатып, тасманын уландысы боюнча пикирин билдирген.

Маалыматка ылайык, актёр "Бригада" тасмасынын күйөрмандарын сериалдын уландысын күтпөй коюу максатка ылайык экендигин белгилеген.

"Бригада" тасмасынын уландысы болбойт. Тасманын экинчи бөлүгү тартылган эмес. Бул кызыксыз гана эмес, жийиркеничтүү дагы. Мен 47 жашка чыктым. Дагы деле Саша Белый боло беремби? Бизге "Бригаданын" уландысынын кереги жок", - деген Безруков.

Актёр 27 жашындагы ролу үчүн сыймыктанарын, ошондой эле Саша Белыйдын ролу ал үчүн "бакма ата" сыяктуу экендигин баса белгилеп өткөн. "Азыркы учурда менин канчалаган ролдорум бар... "Бендера" тасмасынын жарыкка чыгышын күтүп жатам. Анда Ибрагим Бендердин ролун жараткам. Мен үчүн жаңы ролдорду ойноо кызыктуу. Кайра артка кайрылуунун эмне кереги бар?" - деп кошумчалаган ал.

"Бригада" көп сериялуу криминалдык драма 2002-жылы экранга чыккан. Тасмада Безруковдон башка дагы Дмитрий Дюжев, Павел Майков, Владимир Вдовиченков, Екатерина Гусева, Андрей Панин жана башкалар роль жаратышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
29.09.2020. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
туура айтыптыр. Артка кайрылуунун эч мааниси жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: