super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков Венгриядагы расмий иш сапарынын алкагында Будапешт шаарындагы Баатырлар аянтына гүлчамбар койду

 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-сентябрда Венгриядагы расмий иш сапарынын алкагында Будапешт шаарындагы Баатырлар аянтына гүлчамбар койду.

Иш-чара ардактуу кароол ротасынын катышуусу менен аскер оркестринин коштоосунда өттү.

Мамлекет башчысы венгер мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусуна салымын кошкон белгилүү венгер ишмерлери менен инсандарынын элесине таазим кылды.

Баатырлар аянты - Будапешт шаарынын эң маанилүү аянттарынын бири, ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарынын бир бөлүгү болуп саналат.

Баатырлар аянтынын ортосуна баш периште Гавриил жана анын айланасында мадьярлардын 7 жол башчысынын элестери берилген Миңжылдык мемориалы турат. Эстелик венгерлердин мекенинин калыптанышына жана Венгер королдугунун негизделишине арналып курулган. Ошондой эле көрүнүктүү венгер ишмерлеринин скульптурасы менен колоннада тургузулган. Мемориалдын алдында венгер баатырларынын урматына эстелик такта орнотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: