Түркиядагы мейманканада жашынып жаткан жеринен кармалган сойкулардын арасында кыргыз кыздары бар экени айтылууда (видео)





Түркия полициясы мейманканалардын биринен акчага интимдик кызмат көрсөткөн кыздар жашынып жаткан "жашыруун бөлмөнү" таап алды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Трабзон шаарынын полициясы рейд учурунда кыздар жашынып жаткан мейманкананы тинтүүгө алышкан. Алгач укук коргоочулар эч кимди тапкан эмес. Бирок кийин жашыруун бөлмөгө кирчү тешикти калкалап турган батарея алардын көңүлүн бурган.
"Бөлмөдө үч кыз жашынып жатканы белгилүү болду. Алардын экөө кыргыз, бири молдовалык экени аныкталды. Бардыгына кылмыш иши козголду", - деп айтылат кабарда.
Ал эми мейманкананын жетекчилигине мыйзамсыз кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн айып салынган.
Түркиядагы мейманканада кармалган сойкулардын арасында кыргыз кыздары бар экендиги айтылууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

Кангып журот, качып журот кайран баш
Азаматтар колдон алчу кайраттуу
Аялзатын коп кыйнады зарлантты