super.kg logo

Өлкөдө протездик-ортопедиялык буюмдар кимдерге акысыз берилет? Министрликтин жообу

 
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды протездик-ортопедиялык буюмдар, реабилитациялоонун техникалык каражаттары жана тиричиликтик шаймандар менен камсыз кылат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыздоо акысыз жана акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөрү маалымдалат.

"Акысыз негизде протездик-ортопедиялык буюмдар “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана башка мыйзамдар менен кепилденген акысыз протездик-ортопедиялык тейлөөгө укугу бар адамдарга берилет. Акы төлөнүүчү негизде протездик-ортопедиялык буюмдар менен муктаждыгы бар, бирок майыптуулук тууралуу топко кирбеген, дарыгердин жолдомосу бар адамдар камсыз кылынат", - деп жазылат маалыматта.

Протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоого тапшырыктарды тариздөөдө төмөнкүдөй документтер берилет:

– медициналык мекеменин дарыгеринин жолдомосу;

– паспорт;

– пенсиялык ырастама;

– туулгандыгы тууралуу күбөлүк (16 жашка чейинки балдар үчүн);

– иштеген жеринен маалымкат (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген, бирок иштеген адамдарга экинчи протез алуу үчүн);

– медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭКтин) маалымкаты.

Протездик-ортопедиялык буюмдарды, анын ичинде ортопедиялык бут кийимди даярдоо тапшырыкты кабыл алган күндөн тартып 35 иш күнүнүн ичинде ишке ашырылат. Аз татаалдыктагы ортопедиялык буюмдар (Виленский шинасы, Цито шинасы, корсеттер, бандаждар, реклинаторлор, батектер) 10 жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө даярдалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.09.2020. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7-8айда араң келет. Балама бут кийим заказ кылабыз. Мартта барып ченетип келгенбиз былтыр, декабрда алдык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: