super.kg logo

Биримдик №1. Талапкер Нурдин Тагаев: “Биздин максат – мыйзамдуу жана адилеттүү чечимдерди кабыл алуу!”

 

“Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясы кыргызстандыктардын сот тарабынан коргоолууга болгон укуктарынын ишке ашырылуусун конституциялык укуктары деп эсептейт. Биз бул позицияны бекем карманабыз. Бул тууралуу партиянын Жогорку Кеңешке аттанган талапкери Нурдин Тагаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы демократиялык коомдун өнүгүүсүнүн эң маанилүү тармагы болгон сот системасы бүгүнкү күндө көп суроолорду жаратууда. Нурдин Тагаев бул максатта тѳмѳнкүдѳй чараларды ишке ашыруу зарыл экенин белгиледи:

  • сот системасынын акыйкаттуулугун жана ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында реформаны улантуу;
  • судьялардын жеке жоопкерчилигин киргизүү;
  • сот процесстеринин жана алардын чечимдеринин ачык-айкын болуусун жүзѳгѳ ашыруу;
  • сот өндүрүшүндө заманбап технологияларды колдонуу;
  • тергөө жана сот органдары тарабынан кетирилген тартип бузуулардын жоопкерчилигин күчөтүү;

Талапкердин айтымында, ар бир маселеге тыкыр көзөмөл жана тартипти орнотуу менен гана Кыргызстанды өнүктүрө алабыз. Сот – бул мыйзамды колдонуп чечим кабыл алуучу орган. Сот калыс, адилеттүү болушу шарт. Мыйзамдын талаптарын так, туура колдонуу зарыл. Элдин сотторго болгон ишеничи төмөндөп баратат. “Биздин программада жазылган соттук реформалар толугу менен элдин ишеничин кайтарууга багытталган. Биздин максат - мыйзамдуу жана адилеттүү чечимдерди кабыл алуу”, - деп сөзүн жыйынтыктады.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 29-сентябрь, 2020-жыл. Разаков 4.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: