super.kg logo

Кадамжай району "Кыргызстан" партиясын тандайт

 

"Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чолпон Султанбекова Баткен облусунун Кадамжай районунун Пүлгөн айылынын тургундары менен жолугушту.

Жолугушууда шайлоочулар тургундарды ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу, мектептерди жана бала бакчаларды куруу жана эмеректер менен жабдуу, калктуу конуштарды электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн трансформаторлор менен камсыз кылуу, мугалимдерге өзгөчө статус берүү, калкка жогорку сапаттагы биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана аймакты "Тез жардам" унаалары менен камсыз кылуу маселелерин көтөрүштү.

Мындан тышкары, алар социалдык кызматтардын начардыгын жана муниципалдык кызматкерлердин ишке жөндөмсүздүгүн белгилешти.

Талкуу учурунда Кадамжай районунун тургундары Чолпон Султанбековага V-VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, алдыдагы парламенттик шайлоодо партияны колдой тургандыгын айтышты.

Кыргызстан партиясы №15: Элдин жыргалчылыгы - жалпы мамлекеттин жыргалчылыгы!

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 29.09.2020)






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: