super.kg logo

Коомдук жайларда, тамактануу түйүндөрүндө, транспортто санитардык коопсуздук чаралары күчөтүлдү

 

Коомдук жайларда, транспортто, коомдук тамактануу түйүндөрүндө, соода аянттарында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул туурасында республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде айтылды.

Премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөнүн бир катар райондорундагы тургундар арасында коронавирустук инфекциядан жабыркагандардын санынын өсүшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

"Акыркы күндөрү өлкөнүн бир катар райондорунда жагымсыз эпидемиологиялык абал байкалууда. Оору жана оор абалдагы жарандардын саны көбөйүүдө. Мурда белгиленгендей, ар бир бейтапты дарылоодо өзгөчө мамиле керек. Бардык коопсуздук чараларды жогорулатуу, анын ичинде коомдук жайларда, транспортто, базарларда, соода борборлорунда, ресторандарда санитардык ченемдерди сактоо боюнча текшерүүлөрдү өткөрүү зарыл. Бет кап тагынуу режими так сакталууга тийиш.

Мындан тышкары эпидемиологиялык иликтөөлөрдү жүргүзүү жана коронавирус инфекциясын жугузган адам менен байланышта болгондордун обочолонуу режимин сактоосу боюнча иштерди сапаттуу аткаруу керек",
- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: