super.kg logo

Коронавирус күчөп жаткан Баткен облусунда илдет менен күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

 

Кечээ, 28-сентябрда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова Кадамжай районунун активисттери менен жолугушуп, аталган райондо эпидемиологиялык кырдаал күн сайын курчуп жатканын белгилеп, абалды турукташтыруу боюнча жетекчилерге тапшырмаларды берди. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.

Чынара Саттарова өз сөзүндө оорунун очогу болгон айылдарда, эпидемиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү менен көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгиледи.

Ошондой эле район активине эл арасында санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү, тынымсыз рейддерди жүргүзүүнү, эскертүү жана айып пул менен эле чектелбестен, баш ийбегендерге укук коргоо органдары тарабынан мыйзам чегинде, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри боюнча иш алып барууну тапшырды.

Жыйындан соң Чынара Саттарова жарандардын коңшу өлкөлөр менен чек арада жайгашкан өткөрмө бекеттериндеги жаңы алгоритмге ылайык жүргүзүлүп жаткан иштерден кабар алды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 29-сентябрда Баткен облусунда коронавирус оорусун жуктурган 55 жаңы учур катталган болсо, анан 41и Кадамжай районунан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: