super.kg logo

Түркия Азербайжанды Армения менен болгон согушта бардык жагынан колдоорун жар салды

 

Тоолуу Карабахтагы Азербайжан-Армения кагылышуусунда Түркия Азербайжанды бардык жагынан колдойт. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жергиликтүү басылмаларга билдирген.

"Биз бул маселенин түп-тамырынан бери чечилишин каалайбыз. Буга көп күч жумшадык, бирок майнап чыккан жок. Биз ар дайым Азербайжанга жакын болуп келебиз - согуш майданында дагы, сүйлөшүү столунда дагы. Биз бул тилектештикти улантабыз", - деген Чавушоглу.

Бийликтеги "Адилеттүүлүк жана Өнүгүү" партиясынын башчысынын орун басары Нуман Куртулмуш Стамбул Азербайжанга кол салууларды Түркияга кол салуу катары кабыл ала тургандыгын жана Азербайжанга жардам берүү үчүн бардык күчүн жумшаарын билдирген.

Ереван түрк чиновниктеринин билдирүүлөрүнө расмий комментарий бере элек.

Өз кезегинде Орусия президенти Владимир Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков Орусия Армения, Азербайжан жана Түркия менен дагы байланышта экенин билдирген.

"Орусия Ереван менен, Баку жана Анкара менен ар кандай деңгээлде туруктуу байланышта болуп турат", - деген Песков.

Учурда Армения менен Азербайжанга аскердик абал жарыяланып, абал оор бойдон калууда. Эки тарап тең бири-бирине сокку уруп жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
29.09.2020. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Азаматтар, Эрдоган чындыгында мусулмандардын лидери экенин далилдеп жатат. Иран болсо келесоодой Арменияны колдоп жатат.
29.09.2020. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Glucke,
Россия чыкса мусулмандарды талкалап салат. Мусулмандар Россияга кынк дей албайт, алдары эч жетпейт.
29.09.2020. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Tymar,
Акыркы жаңылыктарга таянсак катуу эле согуш чыкчудай го. Негизи Армения күнөлүү, Россияга же Америкага таянып биринчи сокку жасады окшойт Азербайжанга. Жыл башында Иран менен конфликт болсо, азыр Греция менен Турция Кипрды талашып конфликт чыгып жатат. Бейруттагы жардыруу...Мусулман мамлекетттерди алсыздандыруу үчүн кылып жаткандай.
Glucke түзөттү 2020-09-29 22:04:35
30.09.2020. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Glucke, горный Карабах азерлердики озу. Армяндарга Сталин алып берип койгон.
30.09.2020. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Tymar, Россия буйруса 100 жылдан кийин мусулман олкого айланарын эксперттер айтып атышат, чычалаганыныз эч нерсени озгорто албайт
29.09.2020. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иран менен Армяндардын тили окшош болсо керек
29.09.2020. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Биз дагы баралыбы Таш которуп алып? Кууп салабыз баарын это же верно!
29.09.2020. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кыскасы баары акылсыздык : Мен инсан катары экөөнө тең тынчылык каалаймын .Хоть Мусулман болсун: Хоть башка дин болсун.Баарыбыз бир пендебиз. Булар дин үчүн урушуп жатышкан жок : Жэр үчүн .Эмнеге биз коңшу мусулман болуп жылда конфликт боло берет ? Ошол баягы жэр деп .
30.09.2020. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мусульман болуп Адам олтурсо деле суйуно бергендер бар экен да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: