super.kg logo

Өлкөдө бүгүнкү күндө көп бузулган санитардык эрежелер

 

Өлкөдө той өткөрүү, куран окутуу жана башка ушул сыяктуу салтанаттар көп өткөрүлүп, элди массалык түрдө (200-300 адам) чогултуу фактылары көп катталууда. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Көпчүлүк коомдук тамактануу жайларына кире берген жерлерде «кирүү фильтри» уюштурулган эмес, жумушчулардын дене табы өлчөнбөйт, жумушчулардын дене табын түшүрүү үчүн журнал уюштурулган эмес, жумушчулар бет кап тагынбаган фактылар көп кездешүүдө, орундуктар ашыкча жайгашкан (50дөн көп), тамактануу столдорунун аралыгы сакталган эмес;

Эс алуучу жайлар, караоке клубдар жумуш убактысынын режимин сактабаган учурлар арбын, б.а. түнү менен иштешүүдө;

Коомдук транспорт жайларында бет кап режими сакталган эмес, маршруттук таксилерде эл көп, тыгын ж.б.
Жалпысынан республика боюнча эң көп текшерүүлөр Ош облусунда, андан соӊ Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда жүрүүдө.

Түнкүсүн кездешүүчү негизги бузуулар түнкү клубдарда, караоке клубдарда элдин көптүгү жана жумуш убактысынын сакталбагандыгы.

Ал эми күндүзү кезигүүчү негизги бузуулар той өткөрүү, куран окутуу, коомдук тамак-аш жайларында ашыкча орундуктардын жайгашкандыгы, бет кап режиминин сакталбагандыгы, кирүү фильтринин жоктугу жана башка.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: