super.kg logo

Тышкы иштер министрлиги "Бир бол" саясий партиясынан талапкер Айжан Чыныбаеваны Норвегиянын Кыргыз өлкөсүндөгү ардактуу консулу кызматынан четтетти

 

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү маалындагы шайлоо мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөнү улантууда.

Ага ылайык, 18-сентябрда Башкы прокуратура "Бир бол" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Айжан Чыныбаева Норвегиянын Кыргыз өлкөсүндөгү ардактуу консулу экенин аныктаганы маалымдалат.

"Буга байланыштуу Башкы прокуратура Тышкы иштер министрлигине аталган бузууларды жокко чыгаруу үчүн эскертүү жөнөткөн. Анткени шайлоо мыйзамдарында ардактуу консулга саясий иштер менен алектенүүгө тыюу салынган. Бүгүн, 29-сентябрда Айжан Чыныбаева ардактуу консул кызматынан убактылуу четтетилди", - деп билдиришти Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан.

Мындан тышкары башкы прокуратуранын 15-сентябрдагы катынын жана Кадамжай райондук аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү М.Кнын арызынын негизинде өлкөнүн Социалдык фондунун Кадамжай райондук башкармалыгынын жетекчисинин дагы ыйгарым укуктары токтотулганы маалымдалат.

Эске салсак, депутаттыкка мамлекеттик жана муниципалдык жетекчилерден, кызматкерлерден, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн 140 адам талапкерлигин коюп жатат. Ал эми азыркы 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынан 85 адам кайрадан шайлоого аттанууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: