Венгриянын премьер-министри Бишкек-Будапешт маршруту боюнча түз аба каттамын ачуу тууралуу макулдашылганын айтты

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Бишкек-Будапешт маршруту боюнча түз аба каттамын ачуу тууралуу макулдашылганын айтты. Бул тууралуу ал президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда билдиргенин президенттик аппараттан кабарлашты.
Виктор Орбан Кыргыз өлкөсү менен Венгриянын ортосунда көптөгөн маанилүү макулдашууларга кол коюлганын баса белгилеп, мурда эки өлкө ортосундагы байланыштарга талаптагыдай көңүл бурулбаганын билдирди.
Кыргыз-Венгер биргелешкен ишканаларын дагы каржылоого багытталган Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондусу уюштурулууда.
"Президент Сооронбай Жээнбеков менен эгерде фондго бөлүнө турган 50 миллион доллар акча каражаты сарпталып бүтсө, фонддун каржылоосун кошумча көбөйтөбүз деп макулдаштык", - деди Виктор Орбан.
Мындан сырткары Виктор Орбан тараптар эки элди жакындаштыруунун маанилүү фактору болуп кала турган Бишкек-Будапешт маршруту боюнча түз аба каттамын ачуу тууралуу макулдашкандыгын белгиледи.
Ошондой эле кыргыз студенттеринин квотасын 75 орундан 150 орунга көбөйтүү тууралуу келишимге жетишилди.

