Лейлекте айдоочу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кетти
Лейлекте айдоочу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунда 30-сентябрга караган түнү саат 1:00 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Хонда фит үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кетти. Окуя болгон жерге куткаруучулар тартылып, унаада кыпчылып калган айдоочуну чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.