super.kg logo

"Бир апта калганда коронавирустан каза болгон". Румынияда мэрлердин шайлоосунда көзү өтүп кеткен адам жеңишке жетти

 

Румыниянын Девеселу шаарынын жашоочулары шайлоого бир апта калганда коронавирустан каза тапкан мэрди тандашкан.

Маалыматка караганда, COVID-19 илдетинен каза тапкан мэрликке талапкер Ион Алиман 57 жашта болгон.

"Ион Алиман Социал-демократтар партиясынын атынан талапкерлигин койгон. Шайлоо күнү 1 миң 600 адамдын ичинен 1 миң 57 адам Алиманга добуш берген. Шайлоо бюллетендери ал каза тапканга чейин чыгарылгандыктан, жергиликтүү бийлик аларды кайра жасап чыгууга жетишкен эмес. Ошентип Девеселу шаарынын тургундары аны мэр кылып тандап алышкан.

Шайлоочулар бул кадамы менен Ион Алиманга болгон сый-урматын жана аза күтүп жатканын көрсөтүүнү каалашкан. Шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин Ион Алимандын тарапташтары анын жаркын элесине карата сый көрсөтүү үчүн мүрзөсүнө барышкан.

Ошондой эле көзү өтүп кеткенине карабай жеңиши менен куттукташты. Маркум жергиликтүү калк арасында чоң кадыр-баркка ээ болчу. Ал ушул жылдын 4-сентябрь күнү коронавирус жуктуруп алганын билген. Андан соң ал 13 күн ооруканада жатып көз жумган. Буга байланыштуу аталган шаарда кайрадан шайлоо өтөрү кабарланат" , - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: