Кыргыз мушкери Бахрейнде өтө турган эл аралык турнирге катышат
Кыргыз мушкери Кубанычбек Абдисалам уулу 1-октябрда Бахрейнде өтө турган "BRAVE-CF 43" эл аралык турнирине катышат.
Кубанычбек Абдисалам уулу бул турнирде орусиялык 28 жаштагы Абдул-Рахман Махажиев менен беттешет.
Кыргыз мушкеринин каршылашы карьерасында жалпы 12 беттеш өткөрсө, анын ичинен 7 жолу жеңүүчү аталган (1и нокаут менен), 5 жолу жеңилүү ызасын тарткан.
Ал эми Кубанычбек Абдисалам уулу карьерасында жалпы 16 беттеш өткөрсө, анын ичинен 14 жолу жеңүүчү аталган жана 2 жолу жеңилүү ызасын тартып калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.