Акыркы аптада Ош облусунда коомдук жайларга рейд жүргүзүлүп, 1 миллион сомдон ашык айып пул салынды
Акыркы аптада Ош облусунда коомдук жайларга рейд жүргүзүлүп, талап бузулгандыгы үчүн 1 миллион сомдон ашык айып пул салынды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, пандемиялык кырдаалдын курчуп кетүүсүн алдын алуу боюнча республикалык штаб тарабынан бекитилген комплекстүү иш-чаралардын алкагында Ош облусунун аймагында коомдук жайларга рейддер жүргүзүлдү. "Акыркы аптада жалпы облус боюнча 10 миң 509 объект текшерилди. 3 миң 847 санитартык көрсөтмө берилип, талап бузулгандыгы үчүн 1 миллион 936 миң 500 сомдук айып пул салынды. Мындай рейддер ар бир райондо улантылат", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:52
2026-03-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















