Украинанын мурунку президенти Пётр Порошенко коронавируска кабылды
Украинанын экс-президенти Пётр Порошенко коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал туура эмес учурда ооруп калганын айтып, үй шартында дарыланууга аргасыз болгондугун белгилеген. Порошенко оорусуна байланыштуу Украинанын аймактарына болгон жумушчу сапарларын убактылуу токтотот.
"Акыркы алты жылдан бери бутумдун оорусуна чыдап көнүп калдым. Бирок бул куу оору. Ошондуктан бүгүндөн баштап үйдө дарыланып жатам. Тезирээк сакайып кетем деп үмүттөнөм жана бардык украиналыктарды өздөрүнө кам көрүүсүнө чакырам", - деп жазган ал өз билдирүүсүндө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.