Шаардык милиция санитардык талаптарды аткарбаган айдоочуларды аныктады

Бишкекте коомдук унаа айдаган айдоочулар арасында санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбаган 6 факты катталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Ага ылайык, Бишкек шаардык милициясы коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында алдын алуу иш-чараларын өткөргөнү маалымдалат.
"Шаардык милиция кызматкерлери санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын жана мэриянын өкүлдөрү менен биргеликте көңүл ачуучу жайлар, интернет-клубдар, кафе жана ресторандар арасында кезектеги профилактикалык иш-чараларын жүргүздү.
Рейддин жүрүшүндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабаган бир катар коомдук жана көңүл ачуучу жайлар аныкталды.
Алсак, ал жайларда бир убакта эле 50дөн ашык кардар тейленип жаткан. Ошондой эле санитардык-гигиеналык каражаттар жок болуп чыккан.
Мындан тышкары коомдук унаа айдаган айдоочулардын арасында да санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабай жүргөндөр катталган. Алар жүргүнчүлөрдү нормадан ашык санда салып жүргөнү аныкталган. Бул учурда жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгүндө бет каптар болгон эмес.
Ошентип текшерүүнүн жүрүшүндө милиция тарабынан 20дан ашык бузуу фактылары аныкталып, ал райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды" , - деп жазылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн иш-чаралар жарандардын коопсуздугуна багытталганы жана вирустун жайылышын болтурбоо максатында өтүп жатканы маалымдалат.
Бишкек шаардык милициясы коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында алдын алуу иш-чараларын өткөрдү


