super.kg logo

Талант Сарбагышев, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер

 

Мен 1976-жылы 24-октябрда Чолпон-Ата шаарында төрөлгөм. 5 жашымдан тартып атасы жок өстүм. Апам мени адептүү жана чынчыл кылып тарбиялоого бардык күчүн жумшады. 7 жашымдан музыкалык мектепке бара баштадым, үйлөмө аспапта ойночумун. 12 жашымдан дзюдо менен машыгып баштап, музыка менин стихиям эмес экенине көзүм жетти.

17 жаш куракка келгенде алдыда кесип тандоо зарылчылыгы турган болчу, "Феликс Кулов Бишкек шаарында милициянын жогорку мектебин ачыптыр, азыр кабыл алуу болуп жатат" деп академик Азат Коңурбаев апама айтыптыр. Мен дароо эле андагы Чолпон-Атанын ШИИБинин башчысы Өмүрбек Суваналиевдин жолдомосу менен документтеримди тапшырып, экзамендерге даярданып баштадым. Ал кезде боюм 165 сантиметр гана болчу, башкача айтканда, талапка ылайык келбей, бирок дзюдо боюнча спорт чеберине талапкер деген китепчем жардамга келип, окуу жайга өтүп кеттим. Жогорку мектепте жакшы жетишкендиктер менен окудум, милиция болуу чындап менин кесибим экенине ынандым.

1997-жылы окууну аяктап, Чолпон-Атага кызмат өтөө үчүн келдим. Иштегениме 3 ай болуп калганда эс алуучу жайлардын биринде уурулук болуп, анын бетин ачтым. Бул окуядан бир күн өткөн соң мени ошол пансионатка чакыртышты, барсам анда айтылуу Чыныбек Алиев бар экен. Буюмун, акчасын алдырып жибергендер Чыныбек Алиевдин тааныштары экен. Мен ал кезде анын ким экенин деле билчү эмесмин. Бишкек ШИИББинин башчысынын орун басары экенин кийин билдим. Ошентип ал кишинин сунушу менен Бишкек шаарынын Кылмыштарды иликтөө кызматынын опер кызматкери болуп дайындалдым. Мага да ыңгайлуу болуп калды, себеби мен ал кезде үй-бүлө күтүп, кыздуу болуп калгам, алар Бишкекте калышкан болчу. Чыныбек Алиев адам катары, жетекчи катары жогору адамгерчилик сапаттарга ээ болчу.

Шаардык УГРО кызматынын легендасы Тилек Алибаевдин жетекчилигинин алдында иштеп, бул кызмат менин кесиптик тагдырыма айланды. Буюртма менен киши өлтүрүү, талап-тоноо, опузалоо, уурулук, унааны айдап качуу сыяктуу кылмыштар боюнча ИИМдин ыкчам иликтөө кызматтарында ар кандай кызматтык милдетти аркаладым.

КРнын ИИМинин Уюшкан кылмышка каршы күрөшүү башкармалыгынында иштеп жүргөн жылдары чоң тажрыйбага ээ болдум. Ал кездин мыкты жетекчилери Мелис Турганбаев, Бакыт Парманкулов, Михаил Сиренко, Алымжан Козубаев сыяктуу кесипкөй адамдар менен иштештим. Полковник наамын алып, пенсияга чыктым.

2016-жылы өткөн жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна Чолпон-Ата шаарында “Табылга” саясий партиясы менен катышып, бийликчил партиялардан озуп биринчини (21 мандаттын 8 мандатына ээ болушкан) багындырдык. Көп өтпөй көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен шаардык кеңешке төрага болуп шайландым. Эки жылдан кийин Чолпон-Атанын шаар башчысы кызматына келип, ушул күндөргө чейин иштедим.

Туз насип буюрган экен, минтип Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы менен катышып жатам. Менин кесиптик, турмуштук өмүр жолумда кезиккен ар бир инсанга терең ыраазычылык билдирем, алардан алган ар бир сабакка таазим кылам!

“Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Талант Сарбагышев.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: