Кыргызстандык спортчу Сыргак Абдраманов оор атлетика боюнча Азия Кубогунда коло медаль тагынды
Түндүк Кореянын борбору Пхеньянь шаарында өткөн оор атлетика боюнча Азия Кубогунда кыргызстандык Сыргак Абдраманов коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРнын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов билдирет. Кыргызстандан аталган мелдешке Сыргак Абдраманов менен Жалил Жапаров катышкан. Сыргак Абдраманов (62 килограмм салмакта) жулкуп көтөрүүдө 110 килограмм, түртүп көтөрүүдө 130 килограммды багынтып, жалпы жыйынтыкта 240 килограмм көрсөткүчү менен 3-орунду ээледи. Ал эми Жалил Жапаров (77 килограмм) жалпы жыйынтыкта 265 килограмм менен 5-орунду ээледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.