Премьер-министр жаңы ооруканалардын курулушун жыйынтыктоо ишин тездетүүнү тапшырды



Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Ыкчам көмөк көрсөтүү борборунун мындан аркы иши талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Премьер-министр Кубатбек Боронов Ыкчам көмөк көрсөтүү борборунун иши өркүндөтүлүшү керектигин айтты. "Сөз бардык медициналык мекемелер менен өз-ара аракеттешүү механизмин жөнгө салуу зарылдыгы тууралуу жүрүүдө. Эгерде тез жардам көрсөтүүчү врач бейтапты ооруканага жаткырууну чечсе, диспетчер онлайн орундардын эсеп тутумуна ылайык, аны кайда жайгаштырууну билүүсү керек. Медициналык мекемелердин жетекчилери медициналык тез жардам дарыгерлеринин талаптарын токтоосуз аткаруусу тийиш. Бардык ооруканалардын, медициналык борборлордун, бейтаптардын жетекчилерин чогултуп, бул алгоритмди иштеп чыгууну тапшырам. Оорулуу менен шаар аралап жана ооруканаларды кыдырып, бейтапты кабыл алуусун өтүнүп жүрүүсүнө жол берилбеши шарт. Силер бирдиктүү механизм катары иш алып баруу менен алдыңыздарда бир гана милдет – бейтаптын өмүрүн сактап калуу маселеси турушу зарыл. Эскертип кетсем, учурда өлкөгө жаңы тез жардам унаалары алынып келинүүдө, бирок адистердин жетишсиздиги байкалууда. Дарыгер-фельдшерлердин маселеси ыкчам түрдө чечилиши кажет", - деди Кубатбек Боронов.
Өкмөт башчы бейтаптарды электрондук эсепке алууну жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
"Ар бир медициналык мекеменин тизими боюнча электрондук маалыматтар базасы үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек. Бул коронавирустук инфекция менен күрөшүү алкагында гана эмес, санариптик программа алкагында да маанилүү саналат. Мындай тутум реалдуу убакыт режиминде тигил же бул медициналык мекемелерде бош койко-орундарды көзөмөлдөп турат", - деди премьер-министр.
Ошондой эле премьер-министр Кубатбек Боронов 2020-жылдын октябрь айында пайдаланууга берилчү жаңы ооруканалардын курулушун жыйынтыктоо жана профили өзгөртүлгөн ооруканаларды ремонттоо боюнча ишти тездетүүнү тапшырды.

